Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрдык резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик кызматка конкурс жарыяланат

25.10.2024,  06:00

Кароолор (20)


Акыркы күн  30.12.2024
Квалификациялык талаптар  

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: 

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 31-майындагы № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү. 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу илими, бухгалтердик эсеп жана аудит, каржы; Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 

Кесиптик компетенттүүлүгү: 

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, – Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын, – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомдорун. 

3.2. Билгичтиги; – каржы жана мерчемдөө отчётторун даярдоо жөндөмдүүлүгү; – бюджеттин эксплуатациялык чыгымдарынын сметасын түзүү жөндөмдүүлүгү; – негизги ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жараша каржы, эмгек чыгымдарынын нормативдерин өркүндөтүү жана жүрүшүнө анализ жүргүзүү. – “1С-бухгалтерия” 8.2 программасын билүү; – иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү. 

3.3. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; 

Документтерди 2024-жылдын 30-декабрына чейин КР ӨКМнин Бишкек боюнча башкармалыгынын Кадрлар бөлүмүнө Бишкек ш., О.Токтосунова көч. № 38 дареги боюнча тапшыруу керек.