Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Маселен, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бул токтом Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинде транспорт каражаттарын кайра каттоодо камсыздандыруу полисинин талап кылынышын жоюу максатында кабыл алынды.
Тагыраак айтканда, сатыкка чыгарылган автотранспорттун камсыздандыруу полисинин мөөнөтү бүтө элек болсо, аны сатып алган автотранспорттун жаңы ээси милдеттүү түрдө камсыздандырбайт.
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.